Коом
Некролог-Мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташибекова көз жумду
Элита плюс
Август 12, 2020 г.
Некролог-Мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташибекова көз жумду
© Элита плюс

Узакка созулган оорудан кийин, 83 жашында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташибекова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ж.Ташибекова 1937-жылы 29-августта туулган. Ал 1980-жылдан баштап 1986-жылга чейин Тышкы иштер министрлигин жетектеген. Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Эгемендик жылдары Үй-бүлө, аялдар жана жаштар комиссиясынын төрайымы, Аялдар федерациясынын жетекчиси болуп турган.