Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Оган Карабалаев узакка созулган оорудан улам каза болду.
Карабалаев Оган Мамбетович 1943-жылы 8-июлда Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында туулган. Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы Биринчи май районунун комсомол уюмунун биринчи секретары болуп иштеп баштаган. Кийин "Кыргызфильм" киностудиясынын директору, Ысык-Көлдөгү “Ынтымак” коомдук фондунун төрагасы, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгеги сиңген ардактуу пенсионер, Аксакалдар кеңешинин төрагасы болгон. Оган Карабалаев көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, “Даңк медалынын ээси. Мамлекеттик 3-даражадагы чинге да арзыган.
Жубайы Умарова Нестан Даражан менен үч кызды татыктуу тарбиялап, сегиз неберенин ата-энеси болушкан.
Оган Карабалаевдин сөөгү өзү туулуп өскөн айылы Кара-Ой айылында 9-июль күнү жерге берилди. Жаткан жери жайлуу болсун.
Ушундан улам Ысык-Көл коомдук фонду Оган Карабалаев агабыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азаларын тең бөлүшөбүз.