"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Асылдарым
Назира СААЛИЕВА, журналист: "Сага деген сагынычым ашып-ташып, күндөн-күнгө баратам өӊдөн азып..."
Элита плюс
Май 14, 2021 г.
Назира СААЛИЕВА, журналист:  "Сага деген сагынычым ашып-ташып, күндөн-күнгө баратам өӊдөн азып..."
© Элита плюс
Назира СААЛИЕВА, журналист:  "Сага деген сагынычым ашып-ташып, күндөн-күнгө баратам өӊдөн азып..."
© Элита плюс
Назира СААЛИЕВА, журналист:  "Сага деген сагынычым ашып-ташып, күндөн-күнгө баратам өӊдөн азып..."
© Элита плюс
Назира СААЛИЕВА, журналист:  "Сага деген сагынычым ашып-ташып, күндөн-күнгө баратам өӊдөн азып..."
© Элита плюс
Назира СААЛИЕВА, журналист:  "Сага деген сагынычым ашып-ташып, күндөн-күнгө баратам өӊдөн азып..."
© Элита плюс
Назира СААЛИЕВА, журналист:  "Сага деген сагынычым ашып-ташып, күндөн-күнгө баратам өӊдөн азып..."
© Элита плюс
Назира СААЛИЕВА, журналист:  "Сага деген сагынычым ашып-ташып, күндөн-күнгө баратам өӊдөн азып..."
© Элита плюс

Айтылуу Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси, "Асаба», "Агым", "Баягы Асаба" басылмаларында башкы редактор болуп эмгектенген белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулунун эскерүү кечеси 25-апрелде Улуттук филармонияда мыкты деңгээлде өттү. Ошол иш-чарадан соң жубайы, журналист Назира Саалиева менен маектештик. Жубайынын айтымында, Эрнис агабыз 9 китеп которгон, бирок анын бирөөсүн - «Кун Фы Зы» китебин гана көргөн. Жакында эле өзү көзү тирүүсүндө даярдап жүргөн, аталышын да өзү атап кеткен "Каалга" аттуу ыр китеби жарык көрдү.

- Назира эже, эмне себептен ыр китеби "Каалга" деп аталып калды?

- Биринчиден, бул байымдын өзүнүн жаш кездеги эле тилеги болгонун кол жазмасынан окудум. Анда: "Студент кезде эшек көтөргүс бир жалаяктай чоң дептерге ырларымды жазып, сыртына «Каалга» деп жазып коюпмун. Китебим ушинтип аталса десем керек", - деп жазыптыр. Ошол тилегин аткаргысы келгенби, айтор, өзү ушундай деп атаган. Экинчиден, айтылуу “Асаба” гезитинде "Каалга" үлкөн рубрика болчу. Дагы бир рубрикасы - "Өмүр менен өлүмдүн жарк дей түшкөн учкундары". Анда Эрнисим даанышмандардын, генийлердин жашоосун, алардын жараткан чыгармаларын, кээде өзүнүн жан дүйнө кыйкырыгын кыска, нуска баяндап берчү эмес беле. Ошондон улам эскерүүнүн аталышы да ушундай аталды. Эскерүү кечесинде "Каалгасынын" бет ачары болот. Бул китепте Эрнистин жаштык, турмуш, тагдыр, жашоо сүртүмдөрү, жүрөгүнөн сызылып өткөн ички жан дүйнөсү жазылган. Кубаныч менен кайгынын, ачуу менен таттуунун, өмүр менен өлүмдүн жарк дей түшкөн учкундары айтылган.

Бул эскерүүдө байымдын ырларынын каалгасы ачылып атат. Ырларына обон чыгып, оболоп, аты өчпөсө экен дейм. Башталышы жаман эмес, анткени бир кыргызча, бир орусча ырына обон жаралды. Дагы далай обон чыгат деп ойлойм. Ушул жагынан алганда, мен сүйүнүп турам. Ал эми өзү жок эскерилип жатканын эстегенде эт жүрөгүм кысылып кетүүдө. Элүүгө жетпей өмүр каалгасын эрте жаап кетип калбадыбы...

- Эрнис байкенин дагы кандай тилек-максаттары бар эле?

- Мелис байке экөө алдыга көп нерсени пландашкан экен. "Алакан ТВ", "Алакан радио", "Алакан" сайтын, башка да ушундай аталышта көп нерсе ачалы, анан "Баягы Асабаны" чыгаралы дешкен экен. Максат-тилектерин ишке ашыралы деп турганда Мелис байке капысынан каза болуп Эрнисти күйүткө салып кетип жатпайбы. Минтип артынан өзү да кетти.  Эрнис агасынын пландарынын экөөсүн ишке ашырды, бири - "Баягы Асаба" гезитин чыгарды, бири - "Алакан" сайтын ачкан. Эл гезитти көп окубай калганын билип токтотуп, сайтты негиздеп, "Асабадагы" ачкан рубрикаларын сайтка коюп, андан башка бир топ жаӊы рубрикаларды ачып берген эле. Ал мага эстелик болуп калбадыбы.

- Биз билбеген кандай өнөрү бар эле?

- «Манас» айтчу. Андай өнөрүн капысынан жумуштан келгенде көрүп калып аябай таӊ калып: "Кимдин вариантын айттыӊ?" - десем, "өзүмдүкү, түшүмдө аян берди. Ошону мээме жазып атам, эми кагазга түшүрүү керек", - деп жылмайып койгон.  Ал дагы аягына чыкпай калды. Гитара чертип, Высоцкийдин ырларын ырдачу.  Анын айрым ырларын которгон.

- Сизге арнаган ыры барбы?

- Негизи аялын мактап, ыр жазууну жаман көрчү. Мага арнаган акыркы бар. "Назира" деп ыр жазайын десем, андай ырды маркум мыкты обончу, ырчы Таалай Бектурганов жазып, ырдап салыптыр да", - деп тамашалап, Таалайдын "Назирасын" кээде гана ырдап калчу.

- Эмнеге 25-апрелде эскерилди? Бул датанын бир сыры барбы?

- Ушул күнү поэзия кечесин өткөрмөкпүз. Былтыр 26-январда Жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков менен жолугушуп, поэзия кечесин өткөрүүгө экөөлөп көндүргөнбүз, ошондо датасын өзү койгон. Ага жетпей калбадыбы. Өмүрү ыр жазчу эмесмин, минтип армандуу ыр да чыгып кетти:

Таштап кеттиӊ, бир заматта жок болуп,

Куса болуп баратам өмүр соолуп.

Жашайм деген сөзүӊө турбай кеттиӊ,

Жүрөк ыйлап, сыздап турат ооруп.

Сага деген сагынычым ашып-ташып,

Күндөн-күнгө баратам өӊдөн азып.

"Жыл өткөн сайын унутасыӊ" дешет го. Жок, андай эмес экен, барган сайын ага болгон сагыныч, куса күндөн-күнгө күчөйт экен. Ушундай абалымды байкаган апам: "Эрнистин кол жазмаларын, чыгармаларын, ырларын китеп кылып чыгар. Эскерүүсүн өткөр. Биз колдон келген жардамыбызды беребиз. Сенин жараатыӊды ушинтип жеӊилдетпесек, башка жол жок, кызым", - деп калды. Башыма баш кошкон алтындай болгон апамдын мээрими, бир туугандарымдын жылуу мамилеси менен депрессиядан чыктым. Жароокер алтын адамдарымдын жардамы менен жолдошумдун мага аманат болуп калган эскерүү кечеси өттү.

- Мүнөзү кандай эле? Эмне үчүн адамдарга көп аралашчу эмес?

- “Бүгүнкү адамзаттын шору, акылдуулардын азабы, ошол эле менин иним Эрнис Асек уулу акылдуу, интеллектуалдуу, жер билиминин океанына өтүп алган”, - деп Мелис байкебиз бир интервьюсунда айткан сөзүндө калет жок. Эрнисим алда канча алдыга кетип калган акылынын азабын тартып, "жалгыздыктын» курмандыгы болгону чындык. Анткени ал дүйнөлүк адабият, искусство, философия, тарых, илим-билимдин кудугун жаштайынан эле өтө казып окуп, жарык-караңгыны, ак-караны ажыратып окуй турганын тээ качан эле таап алып, аң-сезими өзү теңдүүлөрдөн алдыга озуп кеткен. Окуп, билгенин өзүндөй ой-чабыты кенен адам менен бөлүшүп, баарлашкысы келип, андай чөйрө таппай, өзүнө-өзү батпай, акылынын азабын тартып өттү да...

Эрнисим бирөө менен чечилип сүйлөшчү эмес, эч кимге сырын айтчу эмес. Той-топурга оӊой менен барчу эмес. Транспортко түшчү эмес. Жөө басканды жакшы көрчү. Айтайын дегеним, жүрөгүндөгүнү жарыя кылып чыгара берчү эмес. Кубанса жаш баладай кубанчу, кайгырса ал басылып жүрөгүндө калчу. Анан кетип калышты деп  өзү арман кылган агаларына өзү да барып кошулуп калды. Тиги дүйнөдөн Мелис байке тосуп алып, ишке алгандай экөө теӊ ак көйнөк, костюм-шым кийип, галстук тагынып, колдоруна папка көтөрүп түшүмө кирген. 

- Кандайча баш кошуп калдыӊар эле?

- "Де-Факто" гезитине алгач баяндамачы болуп келди, анан редактор болду. 2012-жыл эле. Редакциядагы кыздар Эрниске жармаштырып калышты. "Аялы укса эмне дейт?" - десем, алар ажырашканына 6 жылдын жүзү болуп калганын айтышты. Мен Эрнистин "Асаба" гезитине жазгандарын окуп мыкты журналист, котормочу экенин сыртынан тааныганым менен жакындан тааныш эмес элем. Ажырашып кеткенин да укпаптырмын. Жармаштыруунун аягы баш кошуу менен аяктады. 2013-жылдын 23-мартында баш кошконбуз. Эртеси Эрнис: "Экөөбүздүн баш кошуп калганыбызга чоӊ апамдын салымы чоӊ. Апам түшүмө кирип "ушул кызды алсаӊ жаӊылбайсыӊ" деди. Аян берди деп алып алдым сени", - деп күлүп жатпайбы?.. "Аянды аткарган жакшы. А сүйүүчү?" - десем, "сени сүйбөсөм, сага үйлөнбөйт элем да", - деди. А чынында, экөөбүздү жакындаштырган чоӊ апаларыбыздын чолпон сөзү болду. Эрнис мени кафе, киного чакырып эле жүрдү. Баш тартып койсом, "мага кыздар "отказ" бербей, дароо кетчү эле. Бул кандай кыз?" деп кызыгып калганын кийин айткан. Бир күнү жумуштан кийин: "Жок дегенде ЦУМга чейин жөө баспайлыбы?" - деп калды. Макул болуп, "Учкундан" ЦУМга чейин жөө кеттик, жолдо баратып чоӊ апаларыбыздын сөздөрүн айтып аябай сүйлөшүп кеттик. Чоӊ энемдин тарбиясы, сөзү муундан-муунга өтүп келатат, мен ошого кубанам. Эрнисти мен кандай сүйсөм, туугандарым ошондой сүйдү, ажырап калганда кандай кайгырсам, ошондой күйдү. Мени менен кошо ашы өткөнчө деп азада отурушат. Апам 70 жылдык юбилейин өткөртпөй койду. "Жездемдин 50 жылдыгын өткөрсөк, сонун болмок эле да" деп бир туугандарым кейип калышууда. Жүрөгү менен сүйгөндүктөн эскерүү кечесине чуркап жүрүшөт. Эрнистин мүнөзү жакшы болгондуктан ушундай сый-урматка татып жатат да. Эрнис акылман эле. Жакшы жар, камкор ата болду. Балдарын аябай жакшы көрчү. Маӊдайына эки нике жазыптыр, биринчи никесинен бир кыз, бир уул калды. Биз балалуу боло алган жокпуз, эки жолу боюмдан түштү. Ал дагы өзүнчө чоӊ арман.

- Азыр абалыӊыз кандай?

- Эрнис Кыргыз Эл акыны Акматбекова Сагын эженин ырларын жактырчу. Ушул ырын негедир көп айтчу эле.

"Ушул эки кичинекей алсыз кол,

Күйөөсүнүн көйнөктөрүн жуучу эле,

Сылачу эле маӊдайын,

Жасачу эле тамактарын каалаган

Ушул колдор ишсиз калды.

...Эки колум боорума алып,

Турамын кыймыл этпей,

Үй ичинде..."

Азыр абалым ушундай...

Жазгүл КАРБОСОВА