Назира Айтбекова мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн төш белги менен сыйланды
Элита плюс
Декабрь 15, 2020 г.
Назира Айтбекова мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн төш белги менен сыйланды
© Элита плюс
Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова мамлекеттик төш белги менен сыйланды. Сыйлыкты Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы ыйгарганын Назира айым жазып чыкты.
"Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү“ аттуу семинарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымым үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйландым. Баса, мамлекеттен алган алгачкы сыйлыгым. Ургаачы болсун!" - деген ал жеке баракчасына калтырган билдирүүсүндө.