Аймактар
Нарында жол кире жана таштанды төлөмдөрү жогорулайт
Элита плюс
Январь 24, 2023 г.
Нарында жол кире жана таштанды төлөмдөрү жогорулайт
© Элита плюс

Нарын шаарында жол кире акысы жана таштанды төлөмдөрүнүн баасы жогорулайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, шаар аймагында маршруттук таксилердин жол кире акысы 10 сомго көтөрүлөт. Тактап айтканда, буга чейин жол кире акысы окуучулар үчүн 5 сом болсо, эми 10 сом болот. Чоңдор үчүн жол кире акысы буга чейин эле 10 сом болгон.

"Ошондой эле таштанды төлөмдөрүнүн да баасы 12 сомдон 20 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу 2022-жыл ичинде Нарын шаарынын 5 аймагында коомдук талкуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында таштанды жана жол киренин баасын көтөрүү боюнча чечим Нарын шаардык кеңешине сунушталган", - деп айтылат маалыматта.