Аймактар
Нарында заманбап касапкана курулуп жатат
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
Нарын облусунун Нарын районунун Кара-Бүк тилкесинде 17,5 млн сомго заманбап касапкана курулууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 2019-жылы декабрь айында касапкананын курулушуна насыя катары 8,5 млн сом бөлүнгөн.
Касапкананы 2020-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
Ошондой эле Нарын шаарына жакын жерде 37 млн сомго заманбап медициналык борбор курулууда.