Ийгилик сыры
Нарында “Социалдык келишим” долбоору менен 577 үй-бүлө ишкердик баштады
Элита плюс
Май 17, 2023 г.
Нарында “Социалдык келишим” долбоору менен 577 үй-бүлө ишкердик баштады
© Элита плюс
Нарында “Социалдык келишим” долбоору менен 577 үй-бүлө ишкердик баштады
© Элита плюс
Нарында “Социалдык келишим” долбоору менен 577 үй-бүлө ишкердик баштады
© Элита плюс
Нарында “Социалдык келишим” долбоору менен 577 үй-бүлө ишкердик баштады
© Элита плюс

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов күн мурун Нарын шаарындагы “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 100 миң сомдон каражат алып иш баштаган үй-бүлөлөрдүн абалын сурады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус жетекчиси тигүүчү цех, ашкана, бут кийим оңдоочу ишкана ачып, кадимкидей киреше таап жаткан үй-бүлөлөр менен баарлашып, көйгөйлөрүн сурады.

"Буга чейин айына 3-5 миң жөлөкпул алган үй-бүлөлөр ишкердиктин натыйжасында алды айына 25 миң, арты 15-16 миң сомго чейин каражат таап жатышканын айтып, президентке, өкмөткө ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Облус башчысы ишкерлерге бардык маселелерде жардам берерин айтты. Соода-сатык жана бут кийим оңдоочу күркөлөр жайгашкан жер аянттары үчүн ижара акы албай турууну шаардык мэрияга тапшырды. Ошондой эле колдоо катары жаңы ачылган “Куржун” дүкөнүнөн соода кылып, “Умар” ашканасынан даам сызды.

Белгилей кетсек, быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртуу максатындагы "Социалдык келишим" долбоору менен Нарын облусундагы 577 үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилген. Анын ичинде Нарын шаарынан 40 үй-бүлө аталган каражатты алып, жеке ишердик баштаган.

“Социалдык келишим” долбоору үч жылга эсептелген, бул аралыкта акча алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы шарт. Мындан сырткар, ишкердикти кеңейтебиз деген үй-бүлөлөр патент алып, салык төлөп турушса 250 миң сомдон 1 миллион сомго чейин үстөксүз насыя ала алышат