Аймактар
Нарында мыкты окуучулар сыйланды
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Нарында мыкты окуучулар сыйланды
© Элита плюс

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы 2019-2020-окуу жылында республикалык олимпиадада 1-2-3-орундарга ээ болгон жана "Алтын тамга" тестирлөөсүнө катышып, "Алтын сертификатка" ээ болуп, ийгилик жараткан Ат-Башы районундагы окуучуларды ардак грамота жана белектер менен сыйлады. Бул тууралуу аталган райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, райондун алыскы айылдарындагы ийгилик жараткан окуучуларга чакан белектер тапшырылды. Район жетекчилери бардык окуучулардын ийгилиги менен куттуктап, окууну аяктап, жогорку окуу жайына аттанып жаткан окуучуларга эл сыймыктанган мыкты студент, мыкты адис болуусун айтып, жолунун байсалдуу болуусун каалашты.