Коом
Нарында бир күн ичинде 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган
Элита плюс
Май 12, 2020 г.
Нарында бир күн ичинде 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган
© Элита плюс

Нарын облусунда бир ичинде 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал белгилегендей, өлкө боюнча 6 медицина кызматкери оорудан айыгып, бейтапканалардан чыгарылган.

"Жалпысынан республика боюнча коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 241ди түзөт. Алардын ичинен 186 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан", - деди ал.