Коом
Нарында 2000-жылдын бүтүрүүчүлөрү медициналык жабдыктарды беришти
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Нарында 2000-жылдын бүтүрүүчүлөрү медициналык жабдыктарды беришти
© Элита плюс

 Нарын шаарындагы №7 мектептин 2000-жылдын бүтүрүүчүлөрү Нарын облустук ооруканасына 337,5 миң сомго медицианлык жабдык, эмеректерди беришти. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынан билдиришти.

2000-жылдын бүтүрүүчүлөрү облустук ооруканага муздаткыч, кир жуугуч машина, кварц лампаларын, штатив жана башкаларды беришкен. Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова жардам үчүн ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле 1982-жылдын бүтүрүүчүлөрү Нарын облустук ооруканага 300 миң сомго жардам көрсөткөн. Алар ооруканага 3 душ кабинасын, 5 муздаткыч, самоор, 300 респиратор, 40 коргоочу костюм жана башкаларды беришкен. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жана оорукананын башкы дарыгери Чыңгыз Нарынбеков жардам үчүн ыраазычылык билдирген.