Асылдарым
Нарынбек МОЛДОБАЕВ, экс-депутат: «Апам атанын да, бир туугандын да ордун ээлеген канат-бутак, таянаар тоом эле»
Элита плюс
Март 26, 2020 г.
Нарынбек МОЛДОБАЕВ, экс-депутат: «Апам атанын да, бир туугандын да ордун ээлеген канат-бутак, таянаар тоом эле»
© Элита плюс
Нарынбек МОЛДОБАЕВ, экс-депутат: «Апам атанын да, бир туугандын да ордун ээлеген канат-бутак, таянаар тоом эле»
© Элита плюс
Нарынбек МОЛДОБАЕВ, экс-депутат: «Апам атанын да, бир туугандын да ордун ээлеген канат-бутак, таянаар тоом эле»
© Элита плюс
  • Нарында жөнөкөй үй-бүлөдө жалгыз апамдын тарбиясын алып чоңойдум. Апам эшикте эркек, үйдө аялдын жүгүн көтөрчү. Айылдын шарты оор, жумуштан келип отун аралап, отун жарат. Үйдү жылытып алып тамак бышырат. Өзү кара тору, акылдуу, кайраттуу бирок, ачуусу тез келген каардуу аял эле. Туугандар көзүн карап турчу. Кичинемде абдан эрке, бойго жеткенде атанын тарбиясын көрбөгөнгөбү тентек болдум. Төрт жашымда бутумду оорутуп алып 3-4 ай үйдө жаттым. Анда телевизор деген жок. Энем кечке Пушкиндин жомокторун окуп берип, Алиппени үйрөтүп жатып, тамга таанып, жазып, китепти муундап окуп калгам. Алты жарым жашымда орус мектепке бардым. Эс тартканда Нарын шаарында болгон үч балдар китепканасында окубаган китебим калган эмес. Китеп байлыгым болуп, акыркы тыйынымды китепке жумшап, жалаң китеп чогултчумун. Отузга чыкканда өз китепканамды залкар адамдар көрүп таң калган. Китептен окуганымды сүрөткө тарткандай эстеп калам.

Эне кадыры

  • Анипа апам төрөбөгөн аял болгондуктан мени багып алган экен. Өз ата-энемди көргөн эмесмин. Атам ким экенин 5-6 жыл мурун эле уктум. Баккан апам өз баласынан артык көрүп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай бапестеп бакты. «Карыганда эрмегим болсун» деген ниетте болгон экен. Бирок, энем экөөбүз ушунчалык жакын, ынак өз эне баладан да жакын болдук. Отуздан ашкан чагымда «апа, сен өлсөң, мен да өлөм» дечүмүн. Апам атанын да, эненин да, бир туугандын да ордун ээлеген канатым, бутагым, таянаар тоом эле. Кеңгуруча көтөрүп жүрүп өстүргөн. Бирөөнүн бир бөлмөлүү кичинекей үйүндө ижарада жашачубуз. Тактайы жок, жери топурак, ылай болгондуктан ар ишемби күндөрү уйдун жампасын чакага чылап алып цементтеп шыбап чыкчу. Бул - үйдөн курт-кумурскалардын чыкпоосуна арналган эмгек эле. Ал бир жумага жетчү. Далай турмуштун кыйынчылыгы баштан өттү. Ошентип ыраматылык апам 1995-жылы инсульт болуп дүйнөдөн кайтты.

«Бомбалайм» деп, бомбаланып…

-Бир жолу… Апам баш көтөрбөй кир жууп аткан, бөлөм экөөбүз «бомба таштайбыз» деп ширеңкенин кумдарын чачып алып желимдин тамчылаган күйүгүн ширеңкеге тийгизе албай ойной берип, бир канчасын өрттөп, кичинекей бөлмөнүн ичин түтүнгө толтуруптурбуз. Апам чуркап келип: «силер үйдү өрттөгөн аткан турбайсыңарбы. Андай эмес, мындай өрттөйт» - деп эшиктен бензин алып кирсе экөөбүз тең абдан коркконбуз. Анан апамдан катуу таяк жегенбиз, ошол күндү көп эстейм. Апам күндүн жарымы жанынан артык көрүп, «алдыңа кетейин» десе, күндүн теңи урушуп эле атчу. Жашырбайын 33 жашка чейин колу тийди. 5-класска дейре сыркоолоп сабактан көп калганым менен жакшы окуп математикадан олимпиадаларга катыштым. Сүрөтчү болсом дечүмүн. Кийин китеп көп окугандыктанбы айтор, жазуучу болгум келип, Казань университетинин тарых, философия факультетине тапшырып кызыл диплом менен аяктадым. Андыктан, айрым учурда ыр, аңгеме жазып калам. Эгемендүүлүктөн берки Кыргызстандын абалын топтоп көркөм адабиятта чагылдырсам дейм.

Нике кайып

  • Жумушка бир кызматкер кыз керек болуп, жакын таанышым «бир кыз бар ошону эле кызматка алсаң» деп калды. Жеңеңер келди, тааныштык, кийин нике кайып экен сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Кудайга шүгүр 2 уул, 1 кыздын ата энеси болуп, татыктуу тарбиялап атабыз. Үй-бүлө болгон соң уруш болбой койбойт. Ар бир адамдын көз карашы бар. Айрым учурда ошол көз караштар окшошпой ар бири өзүнүкүн талашат. Андай учурду акыл менен жеңүү керек. Абдан ачуум келсе таарынып чыгып кетем. Өзүбүз аялзатынан жаралсак, турмуштун маңызы сүйүү, анын аркасы менен балалуу болсок, анан аны алсыз деп кемсинтип кол көтөрүү туура эмес го. Негизи аялзатына кол көтөргөн жан эмесмин.

Коенду камыш, эрди намыс…

-Мамлекетибиздин өндүрүшүнүн төмөндүгү өкүндүрөт. Кыргыздын баскан жолуна кылчайсак чоң кандыкбыз. Тырмактай жерде бир ууч эл болсок да, канча кылым карытып, кумга сиңген суудай болгон жокпуз. Бирок, учурда завод фабрикалар иштебегендиктен Россияда кызмат издеп жүргөн кыргыздар өз жеринде гүлдөп турса болмок деп намыстанам, арданам. Эл аралык жардамдар мененби идеялар жаралып экономикабыз көтөрүлүп, турмушубуз оңолсо. Кореяда 40 жыл мурун бир эшек арабасы бар адам бай адамдын катарына кирген. Элдери жапа тырмак биргелешип, аялдары акыркы алтын сөйкөлөрүн сатып мамлекетти көтөрүп кеткен. Бизде да мындай улуттук идея жаралса деген тилектемин. Ден соолугума байланыштуу спирт ичимдиги эмес, бозо, кымыз да ичпейм. Кээ бирөөлөр үйдө олтура албай тоого чыгып, ат минип, ит багып, спорт менен машыгышат го, мен булардан алысмын. Бала кезде Вулкан деген овчарка аралашкан итим бар эле. Аттан да итти жакшы көрчүмүн. Учурда чоң конкурстарга катышкан «түркменский», «афганский», деген азият породасындагы иттерди бактырам, бирок кызыкпайм. Бош убакытта үйдө китеп окуп эс алганды жактырам. Кайсы жазуучунун жаңы китеби жарыкка чыкпасын издеп таап окуйм.

Алланын жолу ак болот, ак ниеттүү жанга бак конот

-Байлыктын өлчөмү болот. Өзүмдү кедеймин дебейм. Колуман келген жардамды элден аябайм. 1997-жылы Нарынга бир троллейбус белек кылып, өз айылыма суу чыгарып бердим. Көптөр жардам сурайт, колуман келишинче жардам берем, болбосо түшүндүрөм. Бир топ адам чогулган жерде бирөө: «мен бул тостту бакыт үчүн алам. Бакыт деген байлык. Колуңда байлык болсо бактылуусуң» десе бирөөсү «бакыт-бул бийлик. Бийликте турсак баары болот» дейт. Анан 3-адам «бакыт- деген бул балдарың. Үйгө келсең чуркап тосуп алган» десе аны коштогон бирөө «байлык бул ээрип кеткен муз, бүгүн бар да эртең жок. Бийлик учуп кеткен куш. Бүгүн консо, эртең учуп кетет. Ал эми балдар артыңда калган из» деген экен. Андыктан бакыт бул биз жашап аткан күн, сиз менен биз, аманчылык. Байлыкка умтулуп адамкерчиликтен кетип, акчадан башканы көрбөй, туугандан алыстагандар бар. Турмушта конокпуз, байлыкты таптакыр башка көз карашта кароо зарыл. Адам адам менен байыйт.

Жигитке жетимиш өнөр…

  • Ашканага баш багып, казан аякка киришпейм. Жеңеңер камчы салдырбайт. Мен конок катары эле келем. Учурда мык кагып, үй тиричилигине каралашканга убакыт жок. Жашымда уста да, сүрөтчү да болгом. Искусствого жакынмын. Москвага барганда сөзсүз театрга барам. Ырдай албаганыма өкүнөм. Бирок, гитара менен орусча, кыргызча ырларды жалгыз калганда чер жазып ырдап алам. Кээде достор менен отурганда эл катары ырдайм. Жакшы ырларды укканда көзүмөн жаш чыгып кетет. О.э. кээ бирөөлөрдөй мергенчиликке чыгып жаныбарларды атканды жактырбайм. Өмүрүмдө тоок союп көргөн эмесмин. Жылкы сойгон жерге тура албайм. Кой да соё албайм бирок, жиликтегенди жакшы билем.

Өзөктү өрттөгөн душман жаман

  • Саясатта дос болбойт. Эски достонбу, жаңыданбы айтор өзөктү өрттөгөн душман жаныңдан чыгат. Тырмактай нерсеге таарынып душман боло калат. Кээде «кыргыздан мурун ичи тарлык жаралганбы» дейм. Жаш кезде дос көп болот. Убакыт өткөн сайын бири-бирин кайсап, тиштеп, астыга жулунат да, марага 1-2 эле ат келгендей өмүрдүн аягында бирөөсү, экөөсү гана калат.

Жазгүл КАРБОСОВА