Коом
Наркология борборунда 7,6 миңден ашуун адам каттоодо турат
Элита плюс
Апрель 19, 2023 г.
Наркология борборунда 7,6 миңден ашуун адам каттоодо турат
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 18-апрелде өспүрүмдөр жана жаштар арасында баңгизаттарды колдонууну алдын алуу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө жасалган иштердин жыйынтыгы тууралуу Ички иштер министрлигинин маалыматын укту.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 2022-жылы кылмыштардын бирдиктүү реестрине баңгизаттарга байланышкан 1248 кылмыш иши катталганын белгилеп, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 852 килограммдан ашуун баңгизат алынганын маалымдады.

“2023-жылдын 1-январына карата наркология борборунда 7672 адам каттоодо турат. Анын ичинен эркектер 7230, аялдар 442”, – деди министрдин орун басары.

Талкуу маалында депутат Русланбек Жакышов акыркы учурларда психотроптук каражаттарды камтыган дары-дармектер дарыканаларда ачык эле сатылып жатканын белгилеп: “Аларды мектеп окуучулары сатып алган учурлар арбын. Бул жаатта эмне жумуштар жасалууда?” – деп сурады.

Өз кезегинде Нурбек Абдиев аталган жагдай боюнча Бишкек шаарындагы эки дарыканага 50 миң сомдон айып пул салынганын айтып, дагы бир дарыканага 29 миң сом айып пул чегерилгенин кошумчалады.

Депутат Динара Ашимова мектеп окуучулары арасында баңгизаттарга байланыштуу пландык текшерүүлөрдү жүргүзүп туруу сунушун берди.