"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Саясат
Нариман Түлеев: "Ак-Бата" партиясы жана мен жаңы шайлоого даярбыз"
Элита плюс
Май 13, 2021 г.
Нариман Түлеев: "Ак-Бата" партиясы жана мен жаңы шайлоого даярбыз"
© Элита плюс

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Мындай чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Буга чейин аталган комиссия үч партияны шайлоодон четтеткен. Алар КЭДП, "Эмгек" жана "Ак-Бата" партиясы.

"Ак-Бата" партиясынын лидери Нариман Түлеев алардын партиясын шайлоодон четтеткенине макул эместигин билдирди. Ал сотко кайрылбай турганын белгиледи.

"Ак-Бата" партиясы жана мен жаңы шайлоого даярбыз. Биздин саясий уюм туура эмес ыкмаларды колдонгон талапкерлерден тазаланат. Эми талапкерлер дагы, жөнөкөй жарандар дагы таза эмес, ыплас шайлоо убагы бүткөнүн билишет", - деп жазылат кайрылууда.