Коом
Н. Үсенбаев: “Бүгүн жаңы катталган 60 учурдун 52си байланышта болгондордун арасынан табылган"
Элита плюс
Май 30, 2020 г.
Н. Үсенбаев: “Бүгүн жаңы катталган 60 учурдун 52си байланышта болгондордун арасынан табылган"
© Элита плюс

“Бүгүн жаңы катталган 60 учурдун ичинен 52си байланышта болгондордун арасынан табылган. Коронавируска ишенбеген да жарандар бар, бирок бул инфекция тез убакытта жугуп, тарап кетишин эске салабыз. Мисал келтирсек, борбордогу объекттердин биринде коронавирус жугузуп алган бир кызматкерде илдеттин симптомдору билинген эмес. Ал жумушка келип, иштей берген. Тилекке каршы, кыска убакыттын ичинде аны менен байланышта болгон 60 кызматкердин 24дө вирус тастыкталган. Андан сырткары, үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жугузган учурлар кездешүүдө. Андыктан, ар бир адамдан санитардык талаптарды так сактоого жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз”, - саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.