Коом
Мындан кийин Республикалык штабды Эльвира Сурабалдиева жетектейт
Элита плюс
Ноябрь 07, 2020 г.
Мындан кийин Республикалык штабды Эльвира Сурабалдиева жетектейт
© Элита плюс

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабды мындан кийин Эльвира Сурабалдиева жетектейт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Эльвира Сурабалдиева учурда социалдык тармакты караган вице-премьер.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы №171 буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген. Ал эми ыкчам штабдын төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри эсептелет. 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган", - деп берилет маалыматта.