Коом
Мыйзамсыз товар алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Мыйзамсыз товар алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды
© Элита плюс

Кыргызстанга эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди. "Чалдыбар унаа жолу" көзөмөл бекетинен эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар аныкталып, "ДАФ" үлгүсүндөгү үч жүк ташуучу унаа токтотулган. Айдоочулар тиешелүү уруксат кагаздарын толугу менен көрсөтө алышкан эмес, ага байланыштуу пункттун товарларды каттоо боюнча мобилдик тобу тарабынан жүк ташуучу унаалар кармалып, айып жайга киргизилди. Андан тышкары, жүк ташуучу унааларды дыкат текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз ташылып келе жаткан 300 бирдикке жакын товар аныкталган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. "Көрүлгөн чаралардын натыйжасында каржы полициясы тарабынан мамлекеттик бюджетке 1 миллион 2 миң сом кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.