Аймактар
Мыйзамсыз курулган 53 объекти аныкталды
Элита плюс
Февраль 15, 2023 г.
Мыйзамсыз курулган 53 объекти аныкталды
© Элита плюс
Мыйзамсыз курулган 53 объекти аныкталды
© Элита плюс
Мыйзамсыз курулган 53 объекти аныкталды
© Элита плюс
Мыйзамсыз курулган 53 объекти аныкталды
© Элита плюс

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволор аралык комиссиясы Ысык-Көл районунда 53 мыйзамсыз объектини аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуш КР президенттинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында ведомстволор аралык комиссия түзүп, пансионаттардын, эс алуу зоналарынын курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын текшерип, Ысык-Көл районунун тазалоочу курулмаларына мониторинг жүргүзүүдө.

"21 күндүн ичинде комиссия Ысык-Көл районунда 53 мыйзамсыз курулуш объектиси аныктады. Ведомстволор аралык комиссия инвентаризациялоо, мониторинг жүргүзүү жана мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча ишин мындан ары дагы улантат", - деп айтылат маалыматта.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун бардык аймагындагы комиссиянын ишмердүүлүгү 1 айга созулат. Мамкурулуш агеннтиги архитектура жана шаар куруу жаатындагы мыйзамдарды так сактоону өтүнөт.