Коом
Мыйзамсыз 3 млн. сомдук дары каражаттары аныкталды
Элита плюс
Июль 22, 2020 г.
Мыйзамсыз 3 млн. сомдук дары каражаттары аныкталды
© Элита плюс

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан дээрлик 3 млн. сомдук дары каражаты кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлады. Маалыматка караганда, аталган фактыны “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери аныкташкан. Алар “А.Э.И” жоопкерчилиги чектелген коомдун терминалындагы авто “Мерседес Бенс Actros” үлгүсүндөгү автоунаасын текшерген. Натыйжада анда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 129,5 кг болгон 2274 куту «Regapen 300 mg» дарысы табылган. Кармалган товардын орточо баасы 2млн 956миң 200 сомду түзөт. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Бажы кызматы дары кайсы өлкөдөн ташылып келгенин тактаган эмес.