Дүйнөдө
Мьянма өлкөсүндө катаал чаралар киргизилди
Элита плюс
Сентябрь 15, 2020 г.
Мьянма өлкөсүндө катаал чаралар киргизилди
© Элита плюс

үйнөдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялы абал курчуп кетти. Андыктан Мьянма өлкөсүндө да 1-октябрга чейин катаал чектөө чаралары киргизилди. Август айында вирусту жуктургандар жүздөп саналып жатса, азыр ооруга чалдыккандар миңге жетүүдө. Мьянмада коронавирту көзөмөлдөп, оорунун жайылышын азайтуу максатында болуп көрбөгөндөй катаал чаралар кабыл алынды. Ага ылайык тургундар өлкөнүн транзиттик шаары болгон борбор калаа Янгондон сыртка чыкпашы керек. Ошондой эле өлкө ичиндеги каттамдар да токтотулду. Чектөө чаралары 1-октябрга чейин уланат. Шаардын айрым көчөлөрүнө тосмолор орнотулуп, кичи көчөлөр толук жабылган. Янгондогу 44 райондун жыйырма тогузуна карантиндик обочолонуу милдеттендирилди. Саламаттык сактоо министрлиги тумоону жуктургандардын сандык көрсөткүчүндө кескин өсүш болгонун билдирди. Бир күндө 115 жаңы учур катталып, жуктургандардын жалпы саны үч миңден ашты. 14 киши каза болгон. Эскерте кетсек, августтун аягында өлкөдө болгону 353 киши инфекцияга кабылган. Азыр бул көрсөткүч бир нече миңге жетти.