Коом
Мурдакы билим берүү министри Каныбек Исаков дүйнө салды
Элита плюс
Ноябрь 12, 2020 г.
Мурдакы билим берүү министри Каныбек Исаков дүйнө салды
© Элита плюс

Бүгүн, 12-ноябрда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков көз жумду. Бул тууралуу маалыматты анын жакындары билдиришти. 

Алдын ала маалыматка караганда, ал пневмониядан улам дүйнө салды.

Каныбек Исаков 1969-жылы Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында төрөлгөн. 

 2019-жылдын сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин министрлик кызматты аркалаган. Министр болгонго чейин Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректору болуп эмгектенген.