Саясат
Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева суракка чакырылды
Элита плюс
Февраль 11, 2021 г.
Мурдагы башкы прокурор  Индира Жолдубаева  суракка чакырылды
© Элита плюс

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн беш кылмыш иши тергелип жатат, алтынчы да иш бар. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев социалдык тармактагы баракчасына жазып, маалымат жарыялады.

Анын маалыматына ылайык, бул иштердин баарына тергөө баа берет.

"Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып, тергеп жаткан жерибиз жок. «Белизгейт» боюнча ошол убакта саясатчылар кордолгонун билесиздер да.

Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып, сурап жатышат. Күнөөсү болсо эч ким жооп бербей калбашы керек. Ал эми күнөөсү жок болсо саясий ураан менен жоопко тартпашыбыз керек", - деген Зулушев.