Коом
Мурда соттолгон жаран Лейлектин жашоочусунун банктык картасынан 42800 сомун которуп алган
Элита плюс
Март 27, 2023 г.
Мурда соттолгон жаран Лейлектин жашоочусунун банктык картасынан 42800 сомун которуп алган
© Элита плюс

Лейлек районунун Бешкент айыл аймагына караштуу Андархам айылынын 42 жаштагы тургуну М.Д. 2022-жылдын 3-ноябрында белгисиз жаран тарабынан өзүнүн банктык картасынан 42800сом акчасын которуп алгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.
Бул факт Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 6-пункту (Уурдоо, башкача айтканда маалымат тутумуна мыйзамсыз кирүү же болбосо телекоммуникация тармактары боюнча берилүүчү маалыматты өзгөртүү жолу менен бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Алай районунун мурда эки жолу сот жообуна тартылган 23 жаштагы Ө.Ч. Алай районунан аныкталып, 25-март күнү кармалып келди.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы