Коом
Мурас-Ордодо мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип бир тууган агасы кармалды
Элита плюс
Март 18, 2021 г.
Мурас-Ордодо мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип бир тууган агасы кармалды
© Элита плюс

Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип, анын бир тууган агасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

17-март күнү саат 12:40 чамасында Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмүнө "Мурас-Ордо" жаңы конушунда турак үйдөн өспүрүмдүн жансыз денеси табылганы боюнча билдирүү келип түшкөн. Анда өспүрүм моюнуна бычак сайылып, каза болгону айтылган.

Жерине ошол замат тийиштүү органдар барып, каза болгон бала 2008-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүм болгон. Ал эпилепсия менен жабыркап жүргөнү белгилүү болгон. Анын жанында дайыма бир адам болушу керек экенин, окуя болгон күнү балдардын ата-энеси жумушка кетип, маркумду 2004-жылы туулган А.С. аттуу байкеси карап калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерден кан болгон жаздык, одеяло, ашкана бычагы, аялдын капчыгы, спорттук шым алынган.

Алгачкы териштирүүдө жансыз денени саат 11:00 чамасында баланын апасы жумуштан келип көргөн. Ал учурда баланын агасы үйдө жок болгон.

Аталган окуя боюнча кошуналар суракка алынышкан, ошондой эле кызматтык иттер менен тинтүү иштери жүгүзүлгөн. Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 17 жаштагы үй-бүлөнүн баласы кармалган. Ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун, окуя иниси экөөнүн пикир келишпестигинен улам бычактап салганын айткан.

Учурда шектүү өспүрүм убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.