Коом
Мугалимдер арасында видео сынак башталды
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Мугалимдер арасында видео сынак башталды
© Элита плюс

Кыргызстанда медиа сабаттуулук боюнча мугалимдер арасында видео сынак башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. “ММК Колдоо Борбору” Фонду 20-сентябрдан 25-октябрга чейин Кыргызстандын бардык мектеп мугалимдеринен медиа-маалыматтык сабаттуулуктун элементтери камтылган видеосабактарды кабыл алат. “ММС элементтери камтылган видеосабак” сынагы медиа жана маалыматтык сабаттуулукту, сынчыл ой жүгүртүүнү, интернет коопсуздугун жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу максатында уюштурулууда. ММС элементтерин тааныштыруу аркылуу окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү; санариптик сабаттуулукка жана Интернет чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча окутуу, ошондой эле мектеп мугалимдеринин кесиптик жана чыгармачыл өнүгүүсүн колдоо болуп эсептелет. Мындан тышкары ал аталган сынактагы видеосабактар заманбап технологияларды колдонуу менен иштелип чыккандыгы менен өзгөчөлөнүп турушу керек деп кошумчалайт. Байге фондуна  ноутбуктар коюлган.