Коом
Муфтийдин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо башталды
Элита плюс
Февраль 16, 2021 г.
Муфтийдин кызмат ордуна талапкерлерди  каттоо башталды
© Элита плюс

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна талапкерлерди каттай баштады. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Муфтияттан билдиргендей, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна талапкер катары катталуу үчүн коюлган талаптар төмөндөгүдөй:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;
  2. Салттуу Ислам болгон Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын терең билген жана карманган;
  3. Жогорку диний жана светтик билимге ээ;
  4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх, араб грамматикасы жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;
  5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;
  6. Мусулман коомчулугунун, туугандарынын, үй-бүлөсүнүн арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;
  7. КМДБнын курамында же дин кызматкери катары 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болгон;
  8. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кылмыш иши козголбогон жана соттолбогон;
  9. Саясий партиялар менен саясий кыймылдардын эч бирине мүчө болбогон;
  10. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;
  11. Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөгөн жана мына ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алган Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийлик кызмат ордуна талапкер катары каттала алат.

Маалыматка ылайык, Муфтийди Аалымдар Кеңеши 5 - апрелде боло турган курултайда тандап алышат.

Эскерте кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы  маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалган.

Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Токтомушев 12-февралда үй камагына  чыгарылган.