Коом
Москвадан мекендештер кайтып келишти
Элита плюс
Июль 13, 2020 г.
Москвадан мекендештер кайтып келишти
© Элита плюс

 “Аэрофлот - Россия аба жолдору” авиакомпаниясынын Москва - Бишкек багыты боюнча атайын каттам менен Кыргызстандын 426 жараны келди. Алардын арасында жаш балдар бар. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кыргызстанга Россияда окуган студенттер, кош бойлуу аялдар, жаш балдар жана жакында операция болгон мекендештерибиз келди. Ошондой эле, Россиядагы мекендештердин арасынан 45 дарыгер жана медициналык кызматкер жардам берүүгө келишти. Учакта орундуктардын саны чектелүү болгондуктан, тизмени кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын комиссия түздү.