Мекендештер
Москвада ооз ачар учурунда кармалган кыргызстандыктар бошотулду
Элита плюс
Апрель 06, 2023 г.
Москвада ооз ачар учурунда кармалган кыргызстандыктар бошотулду
© Элита плюс

Социалдык тармактарда Москванын Таган районундагы коомдук тамактануу жайларынын биринде ооз ачып жаткан эмгек мигранттары, анын ичинде кыргызстандыктар массалык түрдө кармалганы тууралуу маалымат пайда болгон.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, бул факты боюнча элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери Москванын Таган районунун ички иштер бөлүмүнө барды.

"Элчиликтин көмөгү менен жүргүзүлгөн тиешелүү иш-аракеттердин жыйынтыгында кармалган КРнын бардык жарандары Россиянын аймагынан административдик чыгаруу түрүндөгү административдик жаза колдонулбастан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда кармалгандардын тамак-ашсыз жана суусуз калганы тууралуу маалымат тастыкталган жок.