Дүйнөдө
Москвада коронавирусу аныкталган үч бейтап кайтыш болду
Элита плюс
Апрель 02, 2020 г.
Москвада коронавирусу аныкталган үч бейтап кайтыш болду
© Элита плюс

Москвада коронавирусу аныкталган үч бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу коронавирус абалы боюнча Москва шаарынын ыкчам штабы билдирди. Аларда эки тараптуу пневмония илдети өрчүп кеткен. Бейтаптардын жаш-курагы – 63 жаштан 72 жашка чейин. Анын үстүнө үчөөндө теӊ жүрөк-кан тамыр дарттары сыяктуу башка оорулары да болгон. Бейтаптардын бири жакында чет өлкөдөн кайтып келген.