Дүйнөдө
Москвада коронавируска каршы эмдөө башталды
Элита плюс
Декабрь 06, 2020 г.
Москвада коронавируска каршы эмдөө башталды
© Элита плюс

Москвада коронавируска каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Москвада чоңдордун бейтапканасынын базасында коронавируска каршы эмдөө бөлүмдөрү иштей баштады. "Алардын бардыгы 70. Жылдын аягына чейин дагы 100ү ачылат. Жарандарды саат 8:00дөн 20:00гө чейин кабыл алат. Эмдөөдөн 18ден 60 жашка чейинки курактагы, өнөкөт оорулары жок жарандар өтө алат", - деп жазылат маалыматта.