Коом
Москва-Ош багыты боюнча атайын каттам менен 245 кыргызстандык кайтып келди
Элита плюс
Август 12, 2020 г.
Москва-Ош багыты боюнча атайын каттам менен 245 кыргызстандык кайтып келди
© Элита плюс

Бүгүн Москва-Ош багыты боюнча атайын каттам менен 245 кыргызстандык кайтып келгенин, Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул Президентинин, өкмөттүн тапшырмасынын негизинде, Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун натыйжасы. Кыргызстанга кайтуучулар көп, учакта орун чектелүү болгондуктан, жүргүнчүлөрдүн тизмеси, кыргыз диаспорасынын, элчиликтин өкүлдөрүнөн, тиешелүү органдар менен атайын комиссия тарабынан түзүлгөн. Кыйырдагы кыргызстандыктарды кайтарып келүү аракеттери улантылдууда.