Дүйнөдө
Монголияда вирус жуктургандар азайды
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
Монголияда вирус жуктургандар азайды
© Элита плюс

Монголияда акыркы бир күндүн ичинде коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган учурлар катталган жок. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Сентябрга карата Улуттук жугуштуу оорулар илимий борборунун эки лабораториясында жана Дархан шаарындагы аймактык лабораторияда 354 анализ жүргүзүлдү. Бардык тесттер терс жыйынтык көрсөттү. Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус тастыкталган 306 учур катталып, 296 адам айыгып чыкты. Учурда 10 бейтап стационардык дарылануудан өтүп жатат. Алардын ичинен 9 адам оорунун жеңил түрү, бир бейтап оор түрү менен күрөшүүдө.