Коом
Митингя: "Массалык башаламандык" беренеси боюнча иш козголду
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
Митингя: "Массалык башаламандык" беренеси боюнча иш козголду
© Элита плюс

9-октябрь күнү борбордук "Ала-Тоо" аянтында ар кайсы саясий партиялардын лидерлери жана тарапташтары башка саясий партиялардын тарапташтарын укуктук талаага кайтып келүү чакырыктары жана талаптары менен чогулуп, алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ал массалык башаламандыкка айланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирет.

"Массалык башаламандыктын жыйынтыгында белгисиз адамдар трибунада турган адамдарга таш ыргытып, ок атуучу курал колдонгон. Алдын ала маалымат боюнча азиат түспөлүндөгү эки адам башынан жана денесинин башка жеринен жараат алган. Андан тышкары интернет-басылмаларда аталган аянтта болгон адамдарга ок атуучу курал колдонулганы тууралуу видео жарыяланган", - деп билдирет шаардык милиция.

Бул фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 264-беренеси боюнча (массалык башаламандык) сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Саат 18:45ке карата Улуттук госпиталга ар түрдүү жаракат алган 5 жаран жеткирилген:
1990-жылы туулган Т. Т
1991-жылы туулган М. Н
1980-жылы туулган К. С
1985-жылы туулган Т.Ф
1997-жылы туулган Т.А

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.