Өмүр учугун улоого, бейтаптардын үзүлгөн үмүтүнө шоола киргизип, тирүүлүктүн кубанычын белек кылган ак халатчандардын баш сабында турган нейрохирург Миталип Мамытов агайыбыздын эмгеги элибизге белгилүү. Дүйнөдө эл аралык деңгээлде үч кесип бар. Ал кесиптерге тилмечтин кереги жок, жүрөк менен түшүнөт. Алар - музыканттар, сүрөтчүлөр жана дарыгерлер. Медицина тармагындагы эң татаал, мээге операция жасоочу чыгаан хирург, ак кызматы менен кыргыз атын алыска угузган улуу инсаныбыз - КРнын Баатыры, академик Миталип Мамытов. Учурда ал - Кыргызстандын нейрохирургдар ассоциациясынын президенти, 270ден ашык илимий иштин, 28 окуу куралдардын, 7 монография, 8 ойлоп чыгаруулардын, 32 рационализатордук сунуштардын автору. Кыргыздын багына жаралган мыкты инсан тууралуу бул саныбызда кеп кылууну туура көрдүк.
Өмүр таржымалы
Миталип Мамытович 1939-жылы 16-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында туулган. Атасы Мамыт Кулматов Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондуктан апасы Малия жалгыз тарбиялап өстүрөт. Малия апа колхоздо эмгектенген, жөнөкөй жана кыраакы аял болгон. Апасынын бир жакшылыгын азыркы күнгө чейин унутпайт. Анда 4-5-класста окуп жүргөндө бардар бир тууганы: “Миталипти окутпай эле кой, менин малымды карасын, бир жылдык акысына бир кой, бир козу берем”, - деп суранат. Ошондо апасы: “Балам окуп билим алат”, - деп бербей коёт. “Бул нерсе тагдырыма, турмушума бурулуш жасаган белги болгон экен. Эгер ошондо апам малайлыкка берип койгондо малчы болуп, балким, азыр деле малай болуп жүрмөкмүн. Ошон үчүн апама ыраазымын”, - дейт каарманыбыз. Ал эми балалык чагын: “Ар бир адамдын жүрөгүндө өз кичи мекенинин сүрөтү жашайт” дегендей, ата журтуңдун, топурагы тутумдаш болгон айылыңдын өзүндө улуулук жатат. Айылыңдын шамалы, туманы, түтүнүндө да сыр катылгандай. Боз топуракта ойногон балалык кезим Ноокат районунун Көк-Жар айылында өттү. Бала кезде бир топ кыйынчылыктарды өткөрүп, оор турмушту баштан кечирдик. Турмуштун кыйынчылыгынан эт жегенимди көп эстей албайм, жүгөрү ундан жасалган нан жечүбүз. Буудай нан жегенде эт жегендей сезчүмүн. Ушундай бир учурлар болгон. Бирок канча кыйынчылык болсо да мектепти жакшы баалар менен окуп, 3 жолу сыйлыкка ээ болгом. 1-сыйлыгым 4-классымда 3 кир самын алгам. Себеби көп биттеп, сиркелеп жүргөнүмдү көрүшкөн мугалимдер тазалансын деген таризде берген окшойт. Анан 7-класстагы 2-сыйлыгым “грубый ткань” (бөз кездеме) деп коюшчу. Муну “көйнөк кылып кийсин” дешиптир. Анткени тизеси айрык, тытык кийимдерди кийген күнүм көп болгон. 3-сыйлыгыма китеп алдым. Ал учурда китеп белекке алган окуучу жок болчу”, - деп эскерет. Ошентип, 1958-жылы орто мектепти жакшы баалар менен аяктап жатканда илимге умтулуусу бар жаш жигитти баамдаган агайлары Фрунзедеги Медициналык институтка өтүшүнө кеңеш берип, жолдомо менен узатышат. Билимин улантууга дилгир бала жакшы баа менен сынактан өтүп, институтта окуп калат. Институтту жалаң “5” деген баалар менен аяктаган. Институтта 4-курстан баштап эле 72 рублдан мамлекеттик стипендия ала баштаган. 72 рубль деген акчаны ал учурда студент эмес, доктурлар да ала алчу эмес. Алардын айлыгы 60 рубль гана болчу. Ал эми жөнөкөй стипендия 22 рублды түзчү. Институтту аяктап ординатурадан өтүп жүргөндө белгилүү академик, профессор Арстанбек Мурзалиев нейрохирург болууга ынтызар Миталип Мамытовичти байкап Москвадан же Ленинграддан ординатурадан өтүп такшалып келишин сунуштап, өзү жолдомо кат жөнөтүп жардам берет. Бул улуу адамдын көрөгөчтүгү кыргыз медицина илимине Миталип Мамытовдой нейрохирургду тартуулаганы кийин анык болот. Ошентип, билимин жогорулатуу үчүн Ленинграддагы А. Л. Поленов атындагы Нейрохирургия боюнча илимий изилдөө институтунда ординатураны, аспирантураны бүтүрүп, “Баш мээнин шишиктеринин проблемалары” деген темадагы кандидаттык дисертациясын ийгиликтүү жактайт. Бирок өз кесиби боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк беришпей, тек гана 1974-жылдан баштап нейрохирург катары илимий ишмердигин баштайт.
Илимге болгон алгачкы кадам
Улуттук нейрохирургиянын өнүгүшү татаал жолду басып өттү. Анын башатында калыптанган илимий негиз, эң негизгиси улуттук кадрлар жокко эсе учур эле. Ошондуктан 5 жылдык алган билимин кадрларды тарбиялоодон баштаган. Агайдын бул тарбиялоосунан таланттуу жаштар өсүп чыгышкан. Алар менен ар дайым баш көтөрүп сыймыктанат. Учурда агай тарбиялаган таланттуулардан нейрохирургия бөлүмүндө 4 профессор, 30га жакын кандидат, доценттер эмгектенишет. Миталип Мамытович 1976-1988-ж.ж. КММИде доцент, кийин Неврология, нейрохирургия кафедрасында профессор болуп эмгектенип миңдеген студенттерге сабак берет. 1988-жылдан бүгүнкү күнгө чейин КММАда Нейрохирургия кафедрасын жетектеп, келечекте медицина кадрлары боло турган жаштарды тарбиялап келет. Себеби бүгүнкү XXI кылымдын адистери жаңы заманбап технологиялардын мезгилинде жаңыча багытта билимдүү болушу керек жана медицинадагы жаңы тенденциялардан артта калбашы зарыл. Андыктан жаш муундарга билим берүүдө келечекке жол ачуу - негизги максат деген ойдо. Учурда Миталип Мамытович эмгектенген бул бөлүмдө күнүнө 2-3 операция жасалып турат. Алар 2,5-3 саатка чейин созулат. Жарым кылымдан ашык мезгилде 10 миңден ашуун операция жасаган. Андан сырткары өмүрүндө бир күндө 7 жолу операция жасаган күндөрү да болгон. Албетте, бул нерсени каарманыбыз сыймыктануу менен эмес, турмуштун талабына ылайык муктаждыктан мындай көрүнүштөр болгонун айтат.
Депутаттык ишмердиги
1995-жылы жердештери ишеним көрсөтүп КРнын ЖКнын Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланат. Бирок депутаттын негизги иши жыйындарга үзбөй катышып мыйзам чыгаруу болгондуктан өзүнүн иши операция жасоо, студенттерге сабак берүүгө жетишүү кыйынга турат. Антсе да парламенттен ишине активдүү катышып, саламаттыкты сактоо жаатындагы мыйзамдарга зор салымын кошот. Мында кесипкөйлүк жана саламаттыкты сактоо жаатындагы көйгөйлөрдү адис катары билгендиги чоң ролду ойноп чечимдер ишке ашкан. Ал учурда Жети-Өгүз районунун үч айылын шарттуу түрдө бийик тоолуу аймактардын катарына мыйзамдуу түрдө киргизүүгө көмөктөшкөн. Мунун арты менен айыл эли, көп жардамдарды алып турушкан. Кийинчерээк шайлоочуларына берген убадаларын аткарып Төрөбай Кулатов атындагы совхоздун “Ынтымак” участкасына 20 орундуу оорукана ачтырып, бардык шарттарын түзүп берип, шайлоочуларына дары-дармектер менен жардам берет. Айыл аксакалдарынын демилгеси менен суу жетпеген кайрак жерди өздөштүрүп, мөмө бактарын отургузушуп, “Академик Миталип Мамытов атындагы бак” деп аташканы эле анын элине өтөгөн эмгегинин сыйы. Депутаттык ишмердиги негизги иштерине жолтоо болгондуктан кийинки шайлоодо башкаларча депутаттык мандатка жармашпай, жаштарга ордун бошотуп бергени Миталип Мамытовичтин адамгерчилигинин дагы бир улуулугу экени учурунда белгилүү болгон.
Министрлик ишмердиги
КРнын президентинин 2002-жылдын 13-июнундагы №146 Указы менен М. Мамытов Саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалат. Республикадагы экономикалык кырдаал оор мезгилде башка өнүккөн өлкөлөрдүн системасын киргизишкен жоопкерчиликсиз чиновниктердин айынан кыйраган СССР убагындагы медицина системасы абдан кыйын учурду башынан кечирип турган мезгил эле. Бюджеттен медицина тармагына бөлүнгөн каражаттардын аздыгы, медицина кызматкерлеринин мизердик айлыктары, эскилиги жеткен аппараттар бир жагынан кайдыгерликти жаратып жатса, экинчи жагынан материалдык жактан кыйналган элди ооруга чалдыктырган дарттардын көбөйүшү жана аргасыздан киргизилген кошумча төлөө акысы элди кыйын акыбалга алып келди. М. Мамытов министр катары өкмөткө: “Азыр өкмөтүбүз негизги көңүлдү саламаттыкты сактоо жагына бурушу керек. Анткени элибиздин ден соолугу сак болмоюнча, бай, күчтүү мамлекет боло албайбыз”, - деген коңгуроону кагат. Ошондой эле кошумча акы төлөө убактылуу маселелерди чечкени менен элдин кыйналганын көрүп бул системаны акырындап жоюш керек деген маселени көтөрүп чыгат. Андан сырткары 3 жылдык министрлик кызматында туруп көптөгөн алгылыктуу иштерди жасаганга үлгүрөт. Депутат, министр болуп турганда да өзүнүн кесибин сактап калуу үчүн күн алыс таң эрте, же болбосо жумуштан кийин операцияны үзгүлтүксүз жасап турган.
Үй-бүлө - кичи мекен
М. Мамытовдун үй-бүлөсү жалаң медиктер, жубайы Айна Жумадыловна - медицина илимдеринин кандидаты, доцент, белгилүү дарыгер жана окутуучу. Агайдын ушул даражага жетишине да жубайынын салымы чоң. Анткени ар дайым колдоп, жумушун түшүнүү менен карап өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп турат. Ал эми кыздары Бактыгүл менен Элмира да ата-эненин жолун жолдошсо, күйөө балдары да келечектүү доктурлар. Башкаларга үлгү болчу алдыңкы үй-бүлөлөр.
Учурдагы нейрохирургиянын абалы
Миталип Мамытович бул бөлүмгө жаңыдан келгенде 4 гана нейрохирург иштеп, кыргыз улутундагы доктур жок болгон. Ошондон бери ушул күнгө чейин нейрохирургдардын саны 90го жетти. Анын төртөө профессор, отузга жакыны илимдин кандидаты, доцент. Ошол учурда 60 койкалуу орун болсо, учурда койкалардын саны Миталип Мамытовичтин демилгеси менен 350гө жеткен. Башында бир жылда 350-400 операция жасалган болсо, азыр жылына 3500 операция жасалууда. Ошондой эле ал учурда Кыргызстанда эле эмес, бүткүл КМШ боюнча сабак өтүлчү эмес, учурда сабактар жогорку деңгээлде өтүлөт. Клиниканын абалы мурдагыдан бир топ жакшырып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Чындыгында, нейрохирургия тармагы эбегейсиз өсүүдө. Бул Миталип Мамытовичтин кылган эмгегинин үзүрү десек болот. Нейрохирургия тармагындагы адистер жетиштүү жана профессионалдуу. Анткен менен кийинки учурдагы бейтаптардын көптүгүнөн жаралган көйгөй - операция жасоодо шаймандардын жетишсиздиги, аппараттардын жоктугу бир аз артка тарткандай. Бул нерсе, албетте, жүрөк оорутарлык нерсе. Миталип Мамытовичтин дагы бир эмгегин баса белгилеп кетсек, нейрохирургияны өстүрөлү, оорулуулардын шарттарын жакшырталы деген максатта клиника куруу, заманбап медициналык жабдыктарды алуу боюнча долбоор түзүшкөн. Бул долбоорду Кувейт өлкөсү кабыл алып 21 миллион доллар бөлүп бермей болушкан. Долбоорду өкмөттө, Жогорку Кеңеште коргоп, комитеттер, фракциялар карап, үч окууда колдошуп, мыйзам да чыгып, мунун үстүндө Миталип Мамытович 4 жыл чуркап иштеген. Учурда документтерден тарта бардыгы даяр. Тилекке каршы, аягына чыга элек. Эгер бул клиника бүтүп калса, буюрса, Орто Азияда биринчи көрүнүктүү клиника ачылары талашсыз.
Маалымат: Дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу
- 1998-жылы Орусия, Япония, АКШ, Голландия мамлекеттеринин нейрохирургдары тарабынан “Эң мыкты нейрохирург” наамы ыйгарылган;
- 1998-жылы Орусиянын нейрохирургдар ассоциациясынын ардактуу мүчөсү болуп шайланган;
- 2000-жылы АКШнын бүткүл дүйнөлүк географиялык коому “Жылдын мыкты адамы” деп тааныган;
- 2003-жылы Американын Кембридж биографиялык борборунун алтын медалы менен сыйланган;
- 2004-жылы Өзбекстандын нейрохирургдар ассоциациясынын Ардак дипломуна арзыган.
- 2005-жылы Кыргызстан-Щвейцария ортосундагы эл аралык достук мамилесинин бекемделишиндеги президентинин мүчөсү болгон;
- 2006-жылы Америка биографиялык институтунун “Дүйнө эркиндиги” алтын медалын алган;
- 2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк мекемелердин интеллектуалдык менчик уюмунун алтын медалы, Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги сертификатын алган. Бул эл аралык сыйлыктар академик М. Мамытовдун дүйнөлүк масштабдагы аброюн дадилдеп турат. Ооба, ал - дүйнөлүк масштабдагы окумуштуу, дарыгер. Элибизде мындай инсанды “алтын колдуу улукман” деп коюшат.
- 2000-жылы 3-даражадагы “Манас” ордени;
- 2011-жылы “Кыргыз Эл Баатыры” наамы;
- КРнын Эмгек сиңирген дарыгери, эл аралык “Юнеско” уюмунун "Боорукер" наамы, "Даңк" медалы менен сыйланган.
Алмагүл БАЗАРБАЕВА