Дүйнөдө
Мирзиёев Трампка колдоо көрсөткөн кат жолдоду
Элита плюс
Октябрь 03, 2020 г.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев америкалык лидер Дональд Трампка коронавирустун инфекциядан батырак айыгып кетүүсүн каалап, колдоо көрсөткөн кат жолдоду.
-Бул кабарды кайгыруу жана тынчсыздануу менен кабыл алдык. Каска аралыкта оорууну жеңип, толугу менен айыгып кетесиздер деп ишенем. … Бул кыйын кырдаалда жубайыңыз Меланья Трамп жана жалпы үй-бүлөңүздөргө күч-кубат жана бекем ден соолук каалайм,- деп жазылат билдирүүдө.
2-октябрь күнү АКШ президенти Дональд Трамп жана анын жубайы Меланья коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган. Учурда алар карантинге чыгып, эмделүү процессин баштаган.