Дүйнөдө
Мирзиёев Конституция күнүнө карата камактагы 104 кишиге ырайым берди
Элита плюс
Декабрь 08, 2020 г.
Мирзиёев Конституция күнүнө карата камактагы 104 кишиге ырайым берди
© Элита плюс

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата камактагы 104 кишиге мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Маалыматка караганда, алты киши негизги жазасынан толук бошотулса, 50 адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгат. Мындан тышкары дагы жети соттолуучунун жазасы, 41 кишинин жаза мөөнөтү жеңилдетилет.

Ырайым бериле тургандардын арасында 13 чет өлкөлүк жаран, 60 жаштан ашкан 9 эркек, 1 аял жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу үчүн соттолгон 21 киши бар.

Өзбек президенти өткөн жылы Конституция күнүнө карата камактагы 92 адамга мунапыс берген. Андан кийин быйыл февралда 58 кишиге, 8-мартка карата 83, май айында Рамазан айына катара 258 жана өлкө Эгемендигинин 29 жылдыгына карата августта 11 кишиге ырайым берген.