"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Медицина
Министрлик: санитардык талаптарды сактоого чакырды
Элита плюс
Декабрь 22, 2020 г.
Министрлик: санитардык талаптарды сактоого чакырды
© Элита плюс

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова жаңы жылдык иш-чараларды өткөргөн ишкерлерди санитардык талаптарды сактоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда брифинг учурунда билдирди.

"Буга чейин республикалык штаб мамлекеттик органдарга жаңы жылдык корпоратив өткөрүүгө тыюу салынган. Ошол эле учурда жарандарга кайрылып кетет элем. Албетте бул иш-чараларды өткөрүш керек. Бирок ошону менен бирге жаңы жылдык иш-чараларды өткөрө турган ишкерлерге биздин жарандарды элди чогултуп жатканда аралыкты сактоону уюштуруп берүү талап кылынат. Саламаттыкты сактоо министрлиги бет каптарды, социалдык аралыкты сактоону сунуштайт", - деди ал.