Коом
Министрлик: "Быйыл 40 район, 23 шаарга асфальт төшөлдү"
Элита плюс
Декабрь 25, 2020 г.
Министрлик: "Быйыл 40 район, 23 шаарга асфальт төшөлдү"
© Элита плюс

Бүгүн, 25-декабрда республика боюнча 40 район, 23 шаарга асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат жыйында транспорт жана жолдор министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл пандемияга байланыштуу министрликке каралган каражаттын 70 пайызы кыскартылган.

"Бирок ага карабастан бизге бөлүнгөн тапшырмаларды толугу менен аткардык. Аймактарды өнүктүрүү программасы боюнча 155 километр асфальт бетон катмары төшөлдү. Бул республика боюнча 40 район жана 23 шаарга туура келет. Андан сырткары өзүбүздүн бюджеттин эсебинен 11 километр асфальт төшөдүк.

Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушун токтотпостон уланттык. Ал жерде 22, 5 километр асфальт төшөлдү. Мындан сырткары май, июнь айларында Ысык-Көл, Баткен облустарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен жолдорго зыян келтирилген. Зыяндын көлөмү 65 миллион сомго чукул чыгымды түздү. Бирок анын ичинен 30 миллионго жакынын пландан сырткары аткардык", - деп билдирди Бекназар Базаралиев.

Ал кыш мезгилине карата жолдорду тазалоого техникалар даяр экендигин айтып, күйүүчү майлардын запасы жетиштүү экенин билдирди.

"Кыш мезгилине даярдыктар боюнча айта турган болсок, бүгүнкү күндө борбордо кышкы тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ашууларда жолдорго керектүү материалдарды даярдоо дээрлик 90 пайызга аткарылды. Күнүнө ал материалдар коротулуп жатат, ашууларда бүгүнкү күндө жолдор ачык.

Ал эми Кара-Кече жолу боюнча айта турган болсок, ал жерде буга чейин тоо көчкөн, анда 4 километр жаңы жол куруп, көмүр кенине жол салып бердик. Ошондой эле Бишкек-Кордай жолундагы өткөрмө пунктундагы көпүрөнүн реконструкциялоо иши бүттү. Ачылуу аземине даяр. Боом капчыгайында таш кулап кеткен боюнча экинчи тилкени ачып берүү үчүн аракеттер көрүлүүдө", - деп билдирди министрдин орун басары.

Ошондой эле кызматкерлердин айлык маянасы толугу менен төлөнүп берилип жатканын кошумчалады.