Саясат
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев: "Экспорт жакшы болсо ишкерлерге мүмкүнчүлүк түзүлөт"
Элита плюс
Апрель 19, 2023 г.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев: "Экспорт жакшы болсо ишкерлерге мүмкүнчүлүк түзүлөт"
© Элита плюс

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык Кыргызстандын азык-түлүк продукцияларын экспорттоо маселеси боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Россия Федерациясына балык продукциясын, тоок этин жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмүн жогорулатуу үчүн ЕАЭБдин талаптарына ылайык баардык шарттарды түзүү зарыл экендигин белгиледи.

“Сиздер жакшы билесиздер, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана негизи эле экспорттун көлөмүн жогорулатуунун үстүндө иш алып баруу Министрлер Кабинетинин негизги багыттарынын бири. Экспорт жакшы болсо ишкерлерге мүмкүнчүлүк түзүлөт, экономикада өсүш болуп, бюджет толот. Экспорт боюнча кандай гана маселе жаралбасын, анын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү жана күчөтүү зарыл”, - деди ал.

Жыйындын соңунда Төрөбаев ЕАЭБдин техникалык регламентин аткаруу үчүн ички ченемдик укуктук актыларды карап чыгуу, ихтиология боюнча тиешелүү адистерди жана лабораториялардагы адистерди кыска мөөнөттө окутуу, ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү жана өз жумушуна шалаакы мамиле кылган жооптуу кызматкерлерге чараларды көрүү тапшырмаларды берди.