Саясат
Министр: Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктар жакшы
Элита плюс
Июнь 20, 2020 г.
Министр: Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктар жакшы
© Элита плюс

21-июндан тарта өлкөдө мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл Кыргызстан боюнча 58 миң 730 окуучу мектепти аяктады. Алардын 41 миң 727си тест тапшырууга арызын берген. Эртең жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы башталат. Бүтүрүүчүлөр саат 08:00дө атайын уюштурулган тестирлөө борборлоруна келип, негизги тестти тапшырат. Ал эми 22-июнда предметтик тесттин тапшыруу үчүн барышат. ЖРТ үчүн республика боюнча 117 борбордо даярдалган. Мында бүтүрүүчүлөр беткап кийип, аралыкты сактап тесттен өтүп,  кире бериште алардын дене табы өлчөнөт. Ошондой эле дезинфекциялык иштер да жүргүзүлгөн. Исаков жалпы республикалык тестирлөөнүн экинчи этабы 24-25-июнда өтөөрүн кошумчалады.  Ал эми чет өлкөдө же мектепти мурун бүткөндөр үчүн 11-12-июлда тест тапшыруу өткөрүлөт.