Коом
Министр тартип сакчыларынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Элита плюс
Сентябрь 19, 2020 г.
Министр тартип сакчыларынын ишмердүүлүгү менен таанышты
© Элита плюс

 

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусунда болуп, тартип сакчыларынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда облустагы милиция кызматкерлеринин ыкчам иши менен кыраакылыгы көзөмөлгө алынды. Мындан тышкары министр парламенттик шайлоо учурунда дубан аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан даярдыктардын жүрүшүнө сарасеп салып, өздүк курам арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо боюнча бир катар талаптарды коюп, жоопкерчиликтүү болууга чакырды.