Медицина
Министр: Үй карантининде жаткан жарандар дарыгердин көзөмөлүндө
Элита плюс
Июнь 22, 2020 г.
Министр: Үй карантининде жаткан жарандар дарыгердин көзөмөлүндө
© Элита плюс

Дарыгерлер үй карантинине алынган жарандарды катуу көзөмөлгө алган. Алар эрежени так сактап, үйлөрүнөн чыгып кетпөөгө тийиш. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйынында билдирди. Үй карантининде жаткан айрым жарандар арасында эреже бузгандары болгон. Алар менен аталган министрликтин кызматкерлери атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Азырынча үй карантининдеги адамдарга санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн айып салына элек.