Маданият
Министр: "Биздин тил маданиятыбызда сөгүнгөн сөздөр болгон эмес"
Элита плюс
Декабрь 15, 2020 г.
Министр: "Биздин тил маданиятыбызда сөгүнгөн сөздөр болгон эмес"
© Элита плюс

Бүгүн, 15-декабрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата "Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү" аттуу семинар өттү.

Семинарды Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурду. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, белгилүү тилчилер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.

Анда министр Нуржигит Кадырбеков күнүмдүк жашоодо сөгүнгөн сөздөр көп колдонулуп жатканына токтолду.

"Тил бардык жагынан таза болушу керек. Азыр көп колдонулуп жаткан сөгүнгөн сөздөрдү таштасак жакшы болот. Биздин тил маданиятыбызда сөгүнгөн сөздөр болгон эмес. Кээ бирлери Сталинди күнөөлөшөт. Сталинден мурда биз өзүбүздү күнөөлөшүбүз керек. Япон элинде сөгүнгөн сөз жок. Ошого жараша адеби да башкача.

Тил аркылуу маданиятты көтөрмөлөө керек. Маданият тилден башталат деп бекеринен айткан жокмун. Кээде үн алгыдан "албарсты сени басты, сен албарстыны бастың" деген ырларды угуп каласың. Ушундай ырларды берип жатабыз. Айрым макалдар бар, мисалы, кайни жөнүндө, жеңе жөнүндө. Бул элдики экенине ишенбейм. Мындай сөздөр маданиятка туура келбейт. Андыктан баарыбыз тилге кзымат кылалы", - деди Нуржигит Кадырбеков.