Коом
Министр: Акыркы күндөрү илдет күч алды
Элита плюс
Октябрь 08, 2020 г.
Министр: Акыркы күндөрү илдет күч алды
© Элита плюс

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдө акыркы күндөрү күчөгөн башаламандыктын кесепетинен адамдар облустардан шаарга келип-кетип, коронавирус тез жайылып баратканын билдирди.

«Оорунун таркап кетүү коркунучу бар, анткени көпчүлүк санитардык нормаларды сактабай жатат. Ошол эле учурда суук түштү, башка сасык тумоо оорулары да күчөөдө. Бардык жарандарды санитардык ченемдерди сактап, беткап кийип, зарыл болбосо көчөгө чыкпай, антисептик колдонууга чакырам», - деди министр.

Акыркы суткада коронавирус өлкө боюнча 245 адамда жаңы катталды, төрт киши каза болду. Ооругандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы жашагандар. Өлкодөгү COVID-19 үчүн ачылган керебеттердин 41% толду.