Коом
Милиция кызматкерлери айылдарды кыдырууда
Элита плюс
Июль 02, 2020 г.
Милиция кызматкерлери айылдарды кыдырууда
© Элита плюс

Ат-Башы районунун милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте айыл тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдамасы ар бир айылды кыдырып, жарандардан келип түшкөн арыз-даттануулар менен жеринен таанышып, маалымат берилди. Мындан тышкары, азыркы учурда жугуштуу коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу жарандардын коопсуздугун, саламаттыгын сактоо боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.