Коом
Милиция Беловодск айылындагы мектепке чейинки балдар үйүнө колдоо көрсөттү
Элита плюс
Май 31, 2023 г.
Милиция Беловодск айылындагы мектепке чейинки балдар үйүнө колдоо көрсөттү
© Элита плюс
Милиция Беловодск айылындагы мектепке чейинки балдар үйүнө колдоо көрсөттү
© Элита плюс

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата Беловодск айылындагы мектепке чейинки балдар үйүнө барып белектерин тапшырды.

ИИМден билдиришкендей, КР министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, "Биздин балдар – планетанын келечеги" аталышындагы ураанда 2023-жылдын 15-майынан 15-июнуна чейин кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү бир айлыгын өткөрүү жарыяланган.

Аталган кайрымдуулук иш-чараларын аткаруу максатында ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери Беловодск айылындагы мектепке чейинки балдар үйүнө барып, балдарга белектерди, кийим-кече, оюнчук жана зарыл болгон боюмдарды тапшырышты.

ИИМдин Күзөт кызматы өздүк курамдын атынан балдарды 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, ар бир балага ден-соолук, бактылуу балалык каалап, тарбиячыларга ыраазычылык билдирди.