Коом
МИК: №47 колониянын ордуна курулчу үйлөрдүн баасы чарчы метрине $550 болот
Элита плюс
Апрель 05, 2023 г.
МИК: №47 колониянын ордуна курулчу үйлөрдүн баасы чарчы метрине $550 болот
© Элита плюс
МИК: №47 колониянын ордуна курулчу үйлөрдүн баасы чарчы метрине $550 болот
© Элита плюс

Бишкектеги №47 колониянын ордуна курула турган үйлөрдүн баасы чарчы метрине 550 АКШ долларынан ашпайт. Бул тууралуу ЖКнын бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик ипотека компаниясынын (МИК) башкаруучулугунун төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди. 

Анын айтуусуна караганда, батирлер толугу менен ремонттолуп, даяр болот. Жалпы аянты 8,8 гектарды түзгөн жерге 11 блок курулуп, ал жерде 5 миң батир болот. Үйлөр монолиттен салынат.

Төлөгөнова кошумчалагандай, ошондой эле ал жерге балдар бакчасын, мектеп, спорт аянтчасын, от казан жана эки унаа токтотуучу жай куруу каралган.

Курулуш иштерин "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы жүргүзөт. "Курулуш компаниясын аныктоо боюнча тендер болгон жок, бирок Министрлер Кабинетинин токтому бар", - деди ал.

Комитет объектти куруу үчүн МИКке 1 млрд сом бөлүм берүүгө макулдугун берди.