Президент
Михаил Саакашвили, Грузин реформатору: "Садыр Жапаров эли, өлкөсү үчүн күрөш эмне экенин жакшы түшүнөт"
Элита плюс
Февраль 06, 2021 г.
Михаил Саакашвили, Грузин реформатору: "Садыр Жапаров эли, өлкөсү үчүн күрөш эмне экенин жакшы түшүнөт"
© Элита плюс

Белгилүү грузин реформатору жана 2004-2013-жылдардагы президенти Михаил Саакашвили кайсыл бир белгилүү медиага маек куруп, Кыргызстан жана анын президенти Садыр Жапаров тууралуу өз оюн билдирген. Төмөндө анын маегинен кыскача үзүндүнү сунуштайбыз:

“Мен жаңы бийликке, азыркы президентке ийгилик каалайм. Себеби ал абдан кызыктуу инсан. Албетте, эр жүрөк инсан. Өз эркиндигин, өмүрүн тобокелге салып, мекенине кайтып келди. Адилетсиз камалып, кыйынчылыктарды башынан кечирди. Өз принциптери, эли, өлкөсү үчүн күрөш эмне экенин жакшы түшүнөт. Менин пикиримде азыр улуттук жарашуу зарыл. Бардык күчтөр менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн мен алардын ордунда болсом, кеңири бир мунапыс жарыяламакмын.
Экинчиден, мүмкүнчүлүктөр терезеси тез эле жабылып каларын эстен чыгарбаш зарыл. Жаңы бийлик эски советтик, бюрократиялык структурадан, аткаминерлердин жем жеген акырына айланган системадан, мамлекеттик аппараттын феодалдык түзүлүшүнөн арылууга тийиш. Бул үчүн аларда кеминде алты айдан бир жылга чейин гана убакыт бар.

Ишеним кредити алты ай десе болобу?

Мен парламенттик шайлоого көз салып аттым. Элдин өнөктүккө катышуусу өзгөчө Бишкекте төмөн болду. Жалпы эл абдан активдүү болгону менен азырынча четтен байкоо салып турат. Ошол адамдарды өз тарабына тартып, эң башынан эле эффективдүү кадам жасап, анан мунун бардыгын туруктуу саясатка айлантуу зарыл. Жөн эле популисттик кадамдар менен эмес. Бирок чыныгы реформалар абдан популярдуу болот. Популизм деген сөз туура эмес деп ойлойм, аны эч нерсени өзгөртпөө үчүн пайдаланышат.
Бийлик популярдуу чечимдерди кабыл алып, бюрократияга сокку уруп, элдин, бизнестин түйшүгүн, салыктардын жүгүн жеңилдетип, коррупциялык кландарды ооздуктап, эл тарабында экенин көргөзсө, финансылык, интеллектуалдык хаб концепциясын ишке ашырса, ошондо Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Орусиядан акча Кыргызстанга агылып турат. Ошондо абдан бай өлкө боло аласыңар”,- деген Михаил Саакашвили.

Булак: Focusmedia.kg