Дүйнөдө
Метродо төрөгөн кыргыз келиндин баласынан баш тарткандыгы айтылууда
Элита плюс
Декабрь 11, 2020 г.
Метродо төрөгөн кыргыз келиндин баласынан баш тарткандыгы айтылууда
© Элита плюс

Орусиянын "Москва24" каналы айрым басылмаларга шилтеме берүү менен метродо көз жарган кыргыз келиндин ымыркайынан баш тарткандыгын айтып, видео материал жарыялады.

"Метродо төрөгөн аялдын төрөтүн полиция кызматкерлери менен гезит саткан аял кабыл алып, 3 килограмм салмактагы дени сак эркек бала жарыкка келген.Тилекке каршы, 29 жаштагы келин өз уулунан баш тарткан",-деп айтылат видео репортажда.

Буга чейин көз жарган аял менен анын баласынын абалы жакшы экендигин наристенин бир аз суукка үшүп калгандыгын орусиялык айрым басылмалар жазып чыккан болчу.