"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Ийгилик сыры
Меримкүл КЕРИМКУЛОВА, Ж. Баласагын атындагы КУУнун башкаруу жана бизнес факультетинин деканы: “Окутуучулук иш менин өсүшүмө шарт түздү”
Элита плюс
Май 14, 2021 г.
Меримкүл КЕРИМКУЛОВА, Ж. Баласагын атындагы КУУнун башкаруу жана бизнес факультетинин деканы:  “Окутуучулук иш менин өсүшүмө шарт түздү”
© Элита плюс
Меримкүл КЕРИМКУЛОВА, Ж. Баласагын атындагы КУУнун башкаруу жана бизнес факультетинин деканы:  “Окутуучулук иш менин өсүшүмө шарт түздү”
© Элита плюс
Меримкүл КЕРИМКУЛОВА, Ж. Баласагын атындагы КУУнун башкаруу жана бизнес факультетинин деканы:  “Окутуучулук иш менин өсүшүмө шарт түздү”
© Элита плюс
Меримкүл КЕРИМКУЛОВА, Ж. Баласагын атындагы КУУнун башкаруу жана бизнес факультетинин деканы:  “Окутуучулук иш менин өсүшүмө шарт түздү”
© Элита плюс
Меримкүл КЕРИМКУЛОВА, Ж. Баласагын атындагы КУУнун башкаруу жана бизнес факультетинин деканы:  “Окутуучулук иш менин өсүшүмө шарт түздү”
© Элита плюс

Аялзаты - коломтонун ээси, үйдүн куту. Ошондой эле үй-бүлөнүн түмөндөгөн түйшүгүн артынып, коломтону гүлдөтүү вазыйпасы менен эле чектелбестен, эл кызматында дагы жоопкерчиликтүү милдеттерди аткарып, сүйүктүү ишин татыктуу аркалап, кесибин туу туткан айымдар да жок эмес. Алардын катарын Меримкүл Керимкулова да толуктайт. Ал Ж. Баласагын атындагы КУУнун башкаруу жана бизнес факультетинин деканы, КРнын билим берүү тармагынын отличниги, экономика илимдеринин кандидаты, доцент жана мыкты лектор. Андыктан Меримкүл айым менен кызыктуу маек курдук.

-  Меримкүл Кадыровна, алгач сөздү өзүңүз жетектеген Башкаруу жана бизнес факультетинен баштасак...

- Жакшы болот. Биздин факультеттен студенттер менеджмент, маркетинг, коммерция, сапатты жана бизнести башкарууну үйрөнүшөт. Аталган адистиктердин өзгөчөлүгү туурасында айтсам, биринчиден, учурда бул адистиктерге суроо-талап абдан жогору. Келечектин адистиктери десем болот. Ал тургай, дүйнөдөгү жогорку маяналуу, алдыңкы кесиптердин тобуна кирет. Андан сырткары бул адистиктерден бир гана бизнести башкаруу билимин алып чыкпастан, учурга керектүү болгон компьютердик жана интернет технологияларын, электрондук маалымат системасын колдонууга да үйрөнүшөт. Социалдык түйүндөрдү колдонуу менен жалпы ишкерлердин жарнамасын жүргүзүп, товарларын жылдырып, инвесторлорду тартып, өнөктөштөрдү чогултуу көндүмдөрүн дагы алып чыгышат. Ага кошумча дүйнөлүк экономика, финансылык жана бухгалтердик эсеп сыяктуу мурунку классикалык экономикалык билимдерге да ээ болушат. Айтор, экономика жана башкаруунун бардык тармагы боюнча билим алышат. Азыркы ишкерлик чөйрөсүнө дал ушул маркетологдор, логисттер, менеджерлер, сапатты башкаруучулар керек болууда. Коомчулукта “бул адистиктер эмнеге керек?” деген суроо жаралышы мүмкүн. Азыркы иш берүүчүлөргө, ири компанияларга, рынокту башкаруучу мамлекеттик органдарга биз даярдаган адистиктер өтө зарыл. Анткени аталган адистиктер рынокту изилдөө менен байланышкан. Мисалы, ишкерлер өздөрүнүн каражатын, инвестициясын, потенциалын кайсы тармакка салышы керек? Эмне товар өндүрүп, кандай ишкерлик менен алектенсе, биздин өлкөнүн экономикасына салым кошуп, өзү да пайда көрөт? Иштеп жаткан бизнес болсо, анын пайдалуулугун жогорулатуу үчүн кандай функцияларды аткаруу зарыл? деген у.с. суроолордун тегерегинде ой калчап, ага жараша билим берилет. Өлкөбүздүн ички рыногу чакан. Дүйнөлүк экономика менен байланышсыз элестетүүгө болбойт. Анын үстүнө биз жалаң импорт товарлар менен жан сактайбыз. Андыктан бул адистиктер эл аралык рынокто иш алып барууга, өлкө ичиндеги жана сырткы рынокту дагы изилдеп, багыттап, бизнести ийгиликтүү алып баруунун көп принциптерин үйрөтөт.

-  Аталган факультеттин түзүлгөнүнө канча убакыт болду? Учурда канча адам билим алууда?

-  Факультеттин түзүлгөнүнө 20 жылдан ашты. Баштапкы учур менен азыркы учурдагы ишинде кадыресе динамика бар. Жыл сайын аталган кесиптерге тапшыргандардын саны көп. Анткени бизнеске умтулгандар арбын. Ата-энелер түшүнүп, уул-кыздарын окута баштады. Учурда билим алып жаткандардын саны 800 чамасында. Мындан дагы көбүрөөк болсо, Кыргыз Республикасына, ишкерлерге пайдасы артылат. Ошондой эле “улуттук” деген макамды алып жүргөн жападан-жалгыз окуу жайыбыздын потенциалы абдан чоң. Бардык илимдердин докторлору, кандидаттары, доценттери, академиктери иштеген университеттин эл аралык аброю да жогору. Жогорку деңгээлдеги бир катар эл аралык окуу жайлар менен иш алып барат. Заманбап билим берүүнүн сапаттарына, талаптарына жооп берген факультеттердин бири биздин башкаруу жана бизнес факультети деп эсептейм. Факультетибизде даярдап чыгаруучу үч кафедрабыз бар. Алардын бири - Менеджмент кафедрасы. Аны экономика илимдеринин доктору, профессор Айсалкын Асанова жетектейт. Ал эми Сапатты башкаруу кафедрасынын жетекчиси - экономика илимдеринин кандидаты, доцент Керимбекова Дүйшөкан. Маркетинг, коммерция жана логистика кафедрасын экономика илимдеринин кандидаты, доцент Исмаилова Наргиза көзөмөлдөйт. Алар көп жылдан бери эмгектенип келаткан тажрыйбалуу илимпоз, педагогдор. Жогорудагы адистиктерди калыптандырып, аны илимий тараптан өнүктүрүп, пропагандалаганга мына ушул инсандардын салымы зор.

- Жыл сайын студенттердин саны көбөйүп жатса, демек, эл арасында маалымат кенен экен да?..

-  Адистиктер боюнча айтсам, менеджмент жагы өтө жакшы өнүгүүдө. Анткени рынокко башка жаңы адистиктерге караганда биринчилерден болуп киргендиктен бул тармак боюнча элде түшүнүк кенен. Андан сырткары маркетинг, сапатты башкаруу, логистика, коммерция деген жаңы адистиктер бар. Булар боюнча калың эл дагы да болсо маалымат алууга муктаж. Мамлекетибиздин өсүшү, кыргыз экономикасынын дүйнөлүк экономикадагы ордун жогорулатуу үчүн аталган адистиктердин ролу чоң. Аны пандемия убагында өлкөбүздөгү кыйынчылыктардан алып чыгып кете турган ар тараптуу менеджерлердин таңкыстыгынан деле байкадык. Ушул адистиктерди өнүктүрүүдө жумуш берүүчүлөрдүн да активдүү салымы керек. Алар бизден мыкты адистерди талап эле кылбастан, биз менен биргеликте иш алып баруусу зарыл деп ойлойбуз. Биз бул боюнча жумуш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташып, конференцияларга, тегерек столдорго, студенттер арасындагы олимпиадаларга жана сынактарга аларды эксперт катары чакырабыз. Мындай алака бизге да, аларга да жана студенттерге да абдан пайдалуу.

-  Эл аралык окуу жайлардан кайсы университеттер менен алака жүргүзөсүздөр?

-  Биз даярдаган адистер азыркы заманбап талаптарга жооп бериш үчүн бир катар иштерди аткаруудабыз. Алардын бири - ушул эл аралык аренада дагы иштөө. Мисалы, Москва шаарындагы Орусиялык элдердин достугу университети менен биргеликте магистрларды даярдайбыз. Биргелешкен магистрдик программалардын негизинде эл аралык долбоорлорду башкаруу, эл аралык менеджмент, эл аралык маркетинг жана  эл аралык соода багыттары боюнча иш алып барабыз. Ошондой эле Казакстандагы Л. Н. Гумилёв атындагы Евразиялык улуттук университети менен иштешебиз. Алар менен да биргеликте PhD докторанттарын жана магистрларды даярдап чыгарабыз. Алардын магистрант жана докторанттарынын илимий стажировкаларына биздин факультеттин профессорлору жетекчилик кылышат. Студенттерибиз, магистранттарыбыз аларга стажировкага барышат. Университетибиздин көптөгөн келишимдеринин негизинде Түркия, Кытай менен да алып барган иштерибиз бар. Учурда Япониядагы Ишкердиктин жогорку мектеби менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, буюрса, эки окуу жайдын жетекчилери кол койсо, алар менен да кызматташып баштайбыз. Биргелешкен илимий конференцияларды өткөрүп, тажрыйба алмашып, лекцияларды окуп иш алакалар болот. Айтор, билим берүүдө өнөктөштүк кеңейүүдө.

-  Кепти өзүңүзгө бурсак, эмгек жолуңуз кандай башталган?

-  Мен 1990-жылы ушул окуу жайдын Экономика факультетин бүтүргөм. Окууну аяктап, университеттин сунуштамасы менен окутуучу болуп калгам. Жөнөкөй окутуучудан тартып, доцент, декандын орун басары, кафедра башчысы болуп отуруп, учурда ушул факультетти жетектеп жатам. Бүткүл өмүрүм ушул окуу жайга байланыштуу. Бул жерде иштегениме быйыл 30 жыл болду. Карьералык жолумда жолугуп, мени колдоп, таалим-тарбия көрсөткөн бир катар мыкты жетекчилерге, илимдин докторлору, профессорлорго - деканым Бегаим Токушевна Токушевага, кафедра башчым Петр Павлович Ганчаровго, кураторум Лариса Викторовна Пасечниковага, илимий жетекчим Жаркынай Асановна Мусаевага жана башка көптөгөн таасирдүү адамдарга ыраазычылык билдирем.

- Эмнеге экономика тармагын тандагансыз?

- Мугалим болбойм дечүмүн. Анткени ишкерлик чөйрөгө кызыкчумун. Өндүрүш тармагында иштегим келип экономика тармагында билим алгам. Убагында сезилбегени менен абдан жакшы окуп, окутуучуларымдын көзүнө көрүнгөн экем. Жатаканада студсоветтин, профкомдун төрайымы болуп, кызыл диплом менен аяктап, коомдук иштерге да активдүү катышчумун. Айтор, лидерлик сапатымды, өзүмдүн билимге болгон ынтызарлыгымды байкашканбы, окуу жайды аяктарда “окутуучу болуп кал” деп үгүттөшкөн. Анын үстүнө турмушка чыгып, балалуу болгон соң окутуучу болуп калуу мен үчүн ыңгайлуу болгон. Өкүнбөйм. Тескерисинче, окутуучулук иш менин инсандык өсүшүмө шарт түздү.

- Ишкерчиликке, өндүрүшкө деле кетсеңиз болмок экен...

- Ал кезде өндүрүштөрдүн көбү менчиктештирилип, жеке колдорго өтүп, мамлекеттик ишканалар жоюлуп кеткендиктен окуу жайыбыз да жолдомо бере албай калды. Өндүрүшкө ошол себептен бара албадым. Анын үстүнө мугалим болбойм дегеним менен өзүм да илимге кызыгып кеттим. 30 жылды илим-билимге арнап, карьераны да, үй-бүлөнү да бирдей алып кетүүгө аракеттендим. Карьера менен жүргөн аялзатынын көпчүлүгү үй-бүлөдөн аксап калышы мүмкүн. Менде андай болгон жок. Дайыма өзгөрүүлөрдүн динамикасында болуп, өнүп-өстүм. Декан болгонго чейин жаңы рыноктук кесиптерди өздөштүрүүчү Маркетинг, коммерция жана логистика кафедрасынын башчысы болуп 8 жыл иштедим. Кыргызстандагы маркетингдин жаңы кесип катары калыптанышына өз салымымды коштум. Болгону маркетинг адистигинин билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын, окуу пландарын иштеп чыгууга, окуу процессине керектүү жаңы нерселер менен көбүрөөк алектенгенге бир топ убактымды короттум. Ушундан улам илимдин докторлугун алууга багытталган изилдөөлөрүм артка жылды. Албетте, өсүү жолу кыйынчылыксыз болбойт. Көтөрүлгөн сайын сыноолордон өтөсүң. Бирок ал сыноолорду жеңишиме жакындарымдын жардамы чоң болду. Башкысы жолдошума ыраазымын. Илим-билимге болгон кадамымды туура түшүнүп, эч кандай шарт койбостон, тескерисинче  колдоп, түшүнүп турду. Кайын журтум колдоду. Кайын ата-кайын энем жогорку билимдүү адамдар болбосо дагы балдарынын, келиндеринин жогорку билимдүү болушуна шарт түзүштү. Анан, албетте, өзүмдүн апамдын, бир туугандарымдын да эмгеги зор.

- Сизди колдогон жолдошуңуз тууралуу айтсаңыз.

- Жолдошум Зайнидин Максутович Айталиев экөөбүз студент кезде таанышканбыз. Эки жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. 30 жылдан бери бактылуу жашайбыз. Анын билимге умтулуусу, спортко жакындыгы, арак, тамеки сыяктуу жаман адаттардан алыстыгы мени өзүнө тарткан. Милициянын полковниги, ИИМдин ардагери. Убагында жоопкерчиликтүү кызматтарда иштеди. Ал деле мен сыяктуу аракетчилдигинен, тырышчаактыгынан катардагы ыкчам кызматкерден полковникке, КРнын ички иштер министрлигинин күбөлөрдү коргоо башкармалыгынын жетекчисине чейин жетти. Балдарыбыздын билим алуусуна, менин карьералык өсүүмө атабыздын эмгеги зор. Үч баланы тарбиялап, чоңойттук. Учурда бир жээн неберебиз бар. Уулубузду быйыл үйлөнттүк. Буюрса, бул жылы үй-бүлөбүздө дагы да толуктоолор болот. Балдарыбыз экономикалык билим алып, ар тармакта кызмат өтөшүүдө. Кесип тандоодо багыт берип, сунуштаганыбыз болбосо, эрктерине койдук. Өздөрү кызыгып адистиктерин тандашты. Улуу кызым Нурзат банк кызматкери, уулум Бекзат маркетинг тармагында иштейт. Кичүү кызым Айназ быйыл магистратураны аяктайт. Келечекте ишкер болууну кыялданат.

- Жолдошуңуз экөөңүздө тең лидерлик сапат бар экен. Пикир келишпестикти кантип жеңесиздер?

- Чоң энем эркек менен аялдын ордун баса белгилеп, эркек кишини сыйлоо менен тарбиялап өстүргөн. Бул жагынан мага кайын энем да чоң жардам берди. Ал киши абдан акылман аял. Кайын энем да өзүнүн жүрүш-турушу менен мага үлгү болду. Үйдө эркек киши кандай сыйланса, аял кишиге да ошончолук сый-урмат бар. Энесин сыйлаган уул, аялын, кызын да сыйлайт. Мына ушундай нарктуу, барктуу үй-бүлөгө туш болгонума кубанам. Анан, албетте, адам болгон соң бизде деле пикир келишпестиктер болот. Бирок билимибиз, турмуштан алган тажрыйбабыз кандай маселе болбосун, оңой чечкенге жардам берет.

- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

- Адамдын жаны, руху, денеси деп бөлүнөт. Үчөө үч башка азыктанууга муктаж. Денебиз үчүн күчтөнүп, тамактансак, жан дүйнөбүз үчүн музыка угуп, жаратылышка чыгып, кооздуктарга суктанып, сергип келебиз. Ал эми руханий жактан өсүү үчүн китеп окуйбуз, адамга баалуу сапаттарды издейбиз. Бош убактымда инсандык өсүшүмө байланышкан китептерди окуйм, тренингдерге катышам. Кечиримдүү болуп, коом жана жаратылыш менен гармонияда болуу туура деп ойлойм. Активдүү эс алууну жактырып, күндө 6-10 миң кадам жөө басууга аракеттенем. Тоого чыгып, жөн гана суу бойлоп басканды жактырам. Негизинен турмушума шүгүрчүлүк келтирем, бардыгына ыраазымын.

Нора МУСА кызы