Коом
Мектептерди 3-чейректен баштап кадимки режимде окутуу пландалууда
Элита плюс
Декабрь 24, 2020 г.
Мектептерди 3-чейректен баштап кадимки режимде окутуу пландалууда
© Элита плюс

Бишкек шаарындагы мектептерди 3-чейректен баштап кадимки режимде окутуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

"Жергиликтүү бийликтин жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматтын уруксаты бар региондогу мектептер акырындык менен кадимки режимде окутууну улантып жатат" деди Надира Жусупбекова.

Кадимки режимде окууну улантып жаткан мектептер:

  • Ош шаарында - 55 мектеп;
  • Баткен облусунда - 237 мектеп;
  • Ош облусунда - 547 мектеп;
  • Чүй облусунда - 299 мектеп;
  • Ысык-Көл облусунда - 191 мектеп;
  • Жалал-Абад облусунда - 333 мектеп;
  • Талас облусунда - 111 мектеп;
  • Нарын облусунда - 142 мектеп.

Республика боюнча жалпы 1915 мектеп кадимки режимде иштеп жатат.